Жогорку окуу жайлар эшигин кенен ачты – Абитуриент эмнелерди эске алуусу керек?

Sputnik
Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга тандоо жана кабыл алуу иштери 15-июлда башталды. Ал 5 тур менен өтөт, биринчи тур 15–20-июль күндөрү болот. Билим берүү министрлиги бул окуу жылында жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйрукту бекитти. Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык жана акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калды. ЖОЖдорго кабыл алуу иштери кандай жүрөт? Быйыл эмне өзгөрүүлөр болду?
Ушул жана башка суроолорго Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы жооп берди.