Электрондук чылымдарга толук тыюу салуу. Жаңы мыйзам кантип ишке ашат?

Sputnik
Мыйзам долбоорунун максаты — элдин ден соолугун коргоо, жаштардын организминин өспөй калуусун жана терс адаттарга көнүп кетүүсүн алдын алуу. Вейп чеккендерге 10 миң сом (юридикалык жактарга — 60 миң сом) айып салынат. Аны саткандарга 20-65 миң сом айып каралса, ташып келгендер 150-200 миң сом айыпка жыгылышы же эки жылга чейин эркинен ажыртылышы ыктымал экендиги эфирдин жүрүшүндө айтылды.
Назгүл Абамуслимова окуучулардын, жаштардын көбү вейп чегип жатканына тынчсызданды.