Кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга салынган айып жогорулады. Мыйзам кантип иштейт?

Sputnik
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыян үчүн айыпты эсептөө ставкалары жогорулатты. Ага ылайык эми ак илбирсти атып лаган учурда 2 000 000 сом айып салынат. Аркар, күрөң аюу, марал, жейрен атылса 1,5 000 000 айып төлөшү керек. Кийик үчүн 300 000, эликке 100 000 айып салуу каралды. Мындан срыткары жогоруда аталган жаныбарларды атып алгандар тууралуу маалымат бергендерге айып пулдун 50 пайызы сый акы ктаары берилет.
Министрликтин берген маалыматы боюнча, айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүүнүн негизги максаты - өсүмдүктөрдү жана фаунаны коргоонун натыйжалуу системасын түзүү. Биологиялык ар түрдүүлүктү жакшыртуу секторун коргоону камсыз кылуу, жана жапайы жаныбарлардын жана флоранын санын көбөйтүү боюнча бирдиктүү мамилени аныктоо болуп саналат.
Браконьерлер кантип аныкталат? Айып пулду өндүрүү кандай тартипте жүрөт? Сый акы эмне үчүн айына 500 сомдон гана бөлүнүп калышы ыктымал?
Ушул жана башка суроолорубузга “Күн башат” программасынын алкагында тиешелүү министрликтин адистери жооп берди.