Өлкөдө айдоочуларга эскертүү берген LED-экрандар орнотулууда. Видео

Жалпы жонунан айдоочулар үчүн эскертүүлөр жазылган 115 баннер жана 66 LED-экран жайгаштырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Өлкөдө айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого, коопсуздук курун тагынууга жана жалпы жол эрежелерин сактоого чакырган электрондук эскертүүлөрү бар LED-экрандар орнотулууда. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, мындай аракеттер жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жасалууда.
ЖКККБ белгилегендей, башкармалык тарабынан туристтик мезгил учурунда өлкө аймагында айдоочулар үчүн эскертүүлөр жазылган 115 баннер жана 66 LED-экран жайгаштырылган.
Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөй башташты