Уролог заара анализи жөнүндө билип алчу негизги нерселерди айтты

Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Дарыгер зааранын жалпы анализинин жыйынтыгы менен адамдын спирт ичимдигин ичкенин же тамеки чеккенин так биле албайт. Бул тууралуу уролог Игорь Князев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
Уролог Игорь Князев
Адис бул так диагноз коюу үчүн көп учурда жетишсиз болорун айткан. Князевдин айтымында, заара сийдик бөлүп чыгаруучу каналдардын абалын гана көрсөтө алат.

"Мисалы, зааранын курамынан лейкоцит табылса бөйрөктөр же табарсык сезгенип калды деп так айтууга болбойт. Ал үчүн кошумча анализ жана адистин аныктамасы керек", — деген дарыгер.

Ал заара анализин берердин алдында туура даарат алууну эскерткен.
"Организмде эмне болуп жатканын так билүү үчүн анализге эртең мененки заараны тапшыруу керек. Ошондой эле бир эмес, эки идишке куюп тапшырса да болот. Бейтап оор абалда же тез арада анализ керек болгон учурларда дарыгерлер кандай тапшыруу керектигин айтат", — деп түшүндүргөн уролог.
Радио
Уролог: балдар арасында жыныстык мүчөнүн аномалиялары кездешип жатат