Доо арызды онлайн жазуу. Жогорку соттун санариптештирүү боюнча пландары

Санариптик кызматтарды иштеп чыгуу уланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Жогорку сот жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратууга мүмкүндүк бере турган кошумча санариптик сервистердин иштелип чыгышы жана алардын ишке ашырылышы тууралуу маалымдады.
Тактап айтканда, төмөнкү санариптик тейлөөлөрдү иштеп чыгуу пландалган:
сотко доо арыздарды, арыздарды жана талаптарды жаран онлайн түрдө "жеке кабинетин" колдонуу менен санариптик формада жазып, толтуруусу;
доо-талаптарды жазууда конкреттүү формаларды колдонуу, бул үчүн жарандар талаш-тартыштарды соттук тартип менен чечүү процессинин жүрүшүн көрсөткөн атайын толтуруу көрсөтмөлөрүн колдоно алышат;
соттук чечимдер менен аралыктан таанышуу үчүн мүмкүнчүлүк, анын жеткиликтүүлүгү;
талаш-тартыштын категориясына жараша талаптын канааттандырылуусу боюнча ыктымалдуулук жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
тараптардын өз ара санариптик документтерди, далилдерди жөнөтө алышы;
жарандардын соттор менен иштешүүсү үчүн жеке санариптик түзмөктү колдонушу.
Сот аткаруучулар жаңы 47 автоунаалуу болушту. Сүрөт