Аптап 39 градуска чыгат. Кыргызстан боюнча 27-июлга чейинки аба ырайы

Синоптиктер 20-22-июлда нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрөрүн эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 27-июлга чейинки аба ырайы тууралуу маалыматты жарыялады.
Анда 20-22-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү айтылат. 21-22-23-июлда айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун эскертишти.

Чүй, Талас аймактары

Эки облуста бул жума жаан-чачындуу болушу күтүлүүдө. 21-22-23-июль аралыгында айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот дешти. Чүйдө күндүз ысык 39 градуска чейин, Таласта 36 градуска чейин чыгат.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Республиканын түштүгүндө апта бою өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Үч региондун тең айрым жерлеринде 21-июлдан 23-июлга чейин катуу шамал болушу күтүлүүдө. Аймактарда апта соңу күндүн табы 39 градуска көтөрүлөт.

Ысык-Көл менен Нарын дубандары

Ысык-Көлдө 21 жана 24-июлда күн ачык болот дешти. Калган күндөрү эки жерде өткүн өтөт. Бул аймактарда да 21-июлдан 23-июлга чейин ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу күтүлүүдө. Жуманын соңку күндөрү күн ысып, абанын температурасы 30 градуска чейин чыгат.
Бишкек Түштүк магистралдан өйдө кандай курулууда. Асмандан тартылган көрүнүш