Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: "кош соккудан" улам Зеленский Россия менен сүйлөшүүгө ишарат жасоодо

Киев кош соккуга туш болууда, биринчиден, фронттогу оор кырдаал, экинчиден, Украинанын жакын союздаштары тарабынан аны келечекте колдоо болор-болбосу анык эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Владимир Зеленский ички да, тышкы да саясаттагы чоң көйгөйлөрдөн улам Россия менен сүйлөшүүлөргө даярдыгын көрсөтүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Ушул тапта Киев кош соккуга туш болууда, биринчиден, фронтто кырдаал оор, экинчиден, Украинанын жакын союздаштары тарабынан келечекте колдоо болор-болбосу белгисиз", — деп жазылат маалыматта.

Аналитик Орыся Луцевич белгилегендей, абалдын оордугу Владимир Зеленскийди Москва менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча кептин четин чыгарууга мажбур кылууда.
"Бул көрүнүш бир эле учурда Россияга дагы, глобалдык Түштүккө дагы Украина кандайдыр бир каршылаш күч эмес экендигинин белгиси. Ал сүйлөшүү жолуна өтүүгө даяр", — деп жазылган маалыматта.
Буга чейин Зеленский Украинада өтө турган Экинчи тынчтык саммитине Россиянын өкүлдөрү дагы катышышы керектигин билдирген. 14-июнда Россия президенти Владимир Путин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Крым, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарын Россиянын аймактары катары таануу, Украинанын блоктон тышкаркы жана өзөктүк куралсыз деген макамын, анын демилитаризациясын жана денацификациясын бекитүү, Москвага каршы чектөөлөрдү жокко чыгарууну камтыган жаңы сунуштарын киргизген. Мамлекет башчысынын айтымында, бул демилгелер чынында эле жаңжалды токтотуп, абалды саясий-дипломатиялык нукка бурууга мүмкүнчүлүк берет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Тынчтык орнотом". Трамп Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү