Россияда мигранттарды каттоодо биометрика, манжа изин алуу сунушталды

РФ Тергөө комитетинин жетекчиси кылмыштуулук менен күрөшүү жана миграция саясатын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Мамдумага жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Россиянын Тергөө комитети мигранттардын биометриялык маалыматтарын — манжа изин, геномдук каттоосун киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылган.
Кылмыштуулук менен күрөшүү жана миграция саясатын өркүндөтүү боюнча сунуштарды РФ Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин Мамлекеттик Думага жөнөткөн. Анда чет өлкөлүктөрдү жарандыктан ажыратуу үчүн буга чейинки негиздемелерден сырткары дагы кошумча оор же өзгөчө оор кылмышка даярдануу, аракет кылуу же атайылап жасоо фактысын да кошууну сунуштаган.

"Өлкөгө кирип-чыккан чет элдиктерди катуу көзөмөлгө алуучу бир катар чаралар сунушталууда. Алар: биометрияны киргизүү, манжа изин алуу, геномдук каттоо, мигранттардын иштеген жана жашаган жерин санариптик системага киргизүү, "көлөмсүз, баары сыя берген батирлерге" массалык каттоого тургузууга тыюу салуу", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Россиянын жарандыгын алгандарга паспорт берүү менен кошо аскердик каттоого алуу жана мигранттарды иштеткендерге бир катар жоопкерчиликти жүктөй турган сунуштар да каралган.
Изилдөө: россиялыктардын 81 пайызы мигранттарга оң көз карашта