Израилдин аба күчтөрүнүн соккусунан улам Ливанда бир нече жарылуу болду

Чабуулдан кампадагы снаряддар жарылып, Сайда жана Тир шаарларын байланыштырган жолдогу кыймыл токтотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Израилдин аба күчтөрүнүн соккусунан улам Ливанда бир нече жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости NNA басылмасына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, сокку Адлюн районундагы ок-дары сакталган кампага жана коңшу райондорго жасалган. Мындан жергиликтүү үч тургун жарадар болгону айтылды.
Басылма жазгандай, чабуулдан кампадагы снаряддар жарылып, мындан улам Сайда жана Тир шаарларынын ортосундагы трассада кыймыл токтотулган.
Буга чейин Израиль армиясы Ходейда портуна жакын жердеги хуситтердин объектилерине сокку урулганын кабарлаган. Айрым маалыматтарга таянсак, кеминде эки адам каза болгон.
Израиль Йемендин батышындагы мунай кампаларга чабуул жасады. Сестенткен видео