Радио

Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата 100 мыкты ырчы ат салышат

Маданияттын мыкты кызматкери, "Талант шоу" долбоорунун негиздөөчүсү Өмүрбек Андарбеков Кыргызстанда ырчы-аткаруучулардын арасында республикалык кароо-сынак өтөрүн айтты.
Sputnik
Таланттар жарышына республика боюнча 100 мыкты аткаруучу тандалып, алар алдыңкы ондукка кирүү үчүн ат салышат. Жеңүүчүлөр үч жылга чейин колдоо көрүп, чыгармачылыгын байыта аларын Өмүрбек Андарбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, конкурс ушул жылдын август айында башталып, төрт айга созулат.
"Кыргыздын улуттук маданиятын, музыкалык искусство чеберчилигин өнүктүрүү, таланттуу жаштарга чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүү багытында TALANT show республикалык кароо-сынагы өтөт. Конкурс президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө", "2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу" жана "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыктарынын алкагында уюштурулууда. Таланттар жарышына республика боюнча 100 мыкты аткаруучу тандалып, алар алдыңкы ондукка кирүү үчүн ат салышат. Жеңүүчүлөр үч жылга чейин колдоо көрүп, чыгармачылыгын жакшырта алышат. Иш-чара ушул жылдын август айында башталып, төрт айга созулат. Жыл сайын 10 мыкты ырчыны тандап, элге чыгарып турсак Кыргызстан беш жылда 50 жаңы аткаруучуну тааныйт", — деди Андарбеков.
Ошондой эле ал келечекте ыр сынагын Орто Азия мамлекеттеринин башын бириктирген конкурска айлантып, эл аралык масштабга чыгаруу максаты бар экенин кошумчалады.