Кличко: Зеленский референдум өткөрүүгө мажбур болушу мүмкүн

Шаар башчысы Украина азыркы кырдаалдан кандай жол менен чыга аларын да айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Киев мэри Виталий Кличко Corriere della Sera гезитине берген маегинде Украина тынчтыкка жетүү үчүн референдум өткөрүшү мүмкүн болорун айтып, бирок Владимир Зеленский бийлиги менен бөлүшөрүнөн күмөн санап жатканын билдирген. Бул тууралуу гезитке шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Зеленский, балким, референдум өткөрүшү керек болор. Бирок эл мыйзамдаштырмайын өз алдынча маанилүү келишимдерге жетише албаса керек", — деген Кличко.
Ал Израилдей улуттук биримдик өкмөтүн түзүү менен Украина кырдаалдан чыкса болорун айтып, бирок Зеленский аскердик абал киргизип ээ болгон бийлигинин бир бөлүгүн береринен күмөн санаган.
"Зеленский өзүнүн кеңсесинде өтө көп ыйгарым укуктарды топтоп алды", — деген Киев мэри.
Ал Зеленский кандай гана аракет көрбөсүн, ар бир кадамы өзүн-өзү жок кылууга тете болуп жатканын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: "кош соккудан" улам Зеленский Россия менен сүйлөшүүгө ишарат жасоодо