"Айкелди жасоодо көркөм кеңеш анын кемчилигин айтып, сапаттуу болуусун камсыздайт. Бир атактуунун эстелигин тургузуу чоң жоопкерчиликти, көп адамдын эмгегин талап кылат. Документтери, өлчөмү, көлөмү аныкталгандан соң жумуш башталат. Анда скульпторлор, архитекторлор чогуу, кеңешип иштешет. Эстеликтин сапаты алардан көз каранды. Скульптордун "мен ушул кишини дал өзүндөй кылып жасашым керек" деген демилгеси болушу шарт. Анын чачынан баштап тырмагына чейин окшоштуруу керек. Бул үчүн сынак жарыяланып, мыкты адистер тандалат. Айкөл Манастын эстелигин Астанага орнотуу алдында сынак эки жылдай болду. Татыктуу куруучулар чыкпай жатты. Акырында Пазылов деген скульптор тандап алынды. Маданият министрлиги мени ага атайын жетекчи кылып дайындаган. Эскизди кайра-кайра көркөм кеңештен өткөрүп жаттык. Айкөл Манастын эстелиги колодон куюлду. Күнү-түнү иштедик. Ал эстелик Астана шаарында жашаган кыргыздар үчүн сыймык болду. Манастын өзүндөй бекем, сапаттуу болду. Колонун калыңдыгы эки сантиметрге чейин жетти. Эсебибизден эки эсе көп чыгым болду. Бирок Манас буга татыктуу. Астананын көркүн ачып, шаардын эң жакшы жерине тургузулду. Негизи айкелдердин эң жакшысын айылдарга орнотуу керек. Айылдын сезимтал, тырышчаак балдарынан мыкты кадрлар чыгат. Биз орноткон эстеликтер алардын келечекте мыкты скульптор болушуна түрткү бериши керек", — деди Жамурзаев.