Бишкектеги Чүй проспектисинин дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкектеги Чүй көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып Панфиловго чейинки бөлүгү 22-июлдан тартып жабылмай болду.
Шаардык мэрия бул оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин билдирди.
Буга чейин Чүй көчөсүнүн Манас проспектинен Төрөкул Айтматов проспектине чейинки бөлүгү оңдолору, ремонт иштери үч этап менен жүрөрү айтылган. 18-июлда Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жабылган болчу.
Бишкектеги жолду оңдоо: кайсы көчө ачылып, кайсынысы жабылат?