22-июлга карата аба ырайы

22-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. 22-июль, дүйшөмбүдө, тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +26...+31 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Аптап 39 градуска чыгат. Кыргызстан боюнча 27-июлга чейинки аба ырайы