Улуттук банктын алтын кору дээрлик 3,4 млрд. сомго түштү

Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. 2024-жылдын июль айынын башына карата Улуттук банктагы алтын корунун наркы 167 миллиард 380,5 миллион сомду түздү.
Бир ай ичинде, тагыраагы, июндун башында болгон баа менен салыштырмалуу 3 миллиард 384,9 миллион сомго арзандап кеткен.
Мунун себеби айтылган жок. Учурдагы көрсөткүч тарыхта үчүн ирет рекорддук деп айтылууда, буга чейин июнда (170,8 миллиард сом) жана майда (169,8 миллиард) болгон эле.
Алтын кордун баасы тез-тез өзгөрүп турат. 2021-жылдын майында рекорддук көрсөткүчкө жетип 99 миллиард сом болгон, бирок бир нече айдын ичинде үч эсеге арзандап, бирок андан соң кайра ыкчам өсө баштаган. Ал эми 2022-жылдын июнь айында резервдин көлөмү 50,2 миллиард сом (үч эседен ашык өскөн), ал эми былтыркы июндун башында 90,6 миллиард сом деп бааланган.
Улуттук банк алтын-валюта резервинин эсебинен өлкөдө улуттук валютанын туруктуулугун кармап турат.
Акылбек Жапаров: алтындын кымбатташы кендерди иштетүүгө шарт түзүүдө