Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Киевге Россия аймагына сокку урууга уруксат берген позициясын өзгөртүшү мүмкүн

АКШ президенти Жозеф Байден да Киев режимине Россиянын аймагындагы буталарга чабуул жасоо үчүн америкалык куралды колдонууга уруксат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШ Украинага америка куралы менен Россиянын аймагына сокку урууга уруксат берүү боюнча позициясын өзгөртүшү мүмкүн. Бул тууралуу Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан билдиргенин РИА Новости жазды.
Аткаминердин айтымында, Вашингтон бул маселе боюнча так чечим кабыл ала элек.

"Бул суроого так жооп бере албайм. Россия Харьковго чабуул баштаганда логика боюнча Украинага сокку урууга мүмкүнчүлүк берүү талап кылынды", — деди ал.

Июнда Салливан Россияга чабуул жасоодо америкалык куралды колдонууга берилген уруксат каршылаштары Украинанын чек арасын кесип өткөн аймактарга гана тиешелүү экенин билдирген. Бирок башталышында бул Харьков облусуна чектеш аймактарга гана карата болору айтылган эле.
Мамлекеттик департаменттен РИА Новостиге билдиришкендей, АКШ президенти Байден да Киев режимине Россиянын аймагындагы буталарга сокку уруу үчүн америкалык куралды колдонууга уруксат берген.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинанын куралдуу күчтөрү Донбасска, Новороссияга Батыштын ракеталары менен чабуул жасап жатканын, ал эми сокку урулчу аймактарды кеңейтүү ыктымалдыгы кадимки эле чагымчылык экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сийярто: Трамп жеңсе, Украина боюнча сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү жаралат