Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлмөкчү

Жаңы базар 16,7 гектар жерге куруларын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлөрүн калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы базар Көкүмбий көчөсүнө, Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жерге курулат.
1 / 4

Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылына көчүрүлөрүн калаа мэриясынан билдиришти

2 / 4

Маалыматка ылайык, жаңы базар Көкүмбий көчөсүнө, Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жерге курулат

3 / 4

Ош шаарынын башчысы Бакытбек Жетигенов кечээ борбордук базар көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыгып, тиешелүү кызматтарга көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоону тапшырган

4 / 4

Калаа бийлиги жаңы жерде соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлөрүнө убада берди

Ош шаарынын башчысы Бакытбек Жетигенов кечээ борбордук базар көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыгып, тиешелүү кызматтарга көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоону тапшырган.
Калаа бийлиги жаңы жерде соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлөрүнө убада берди.
Эске салсак, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 19-июлда, Оштогу селден жабыркаган базар башка коопсуз жайга көчүрүлөрүн билдирген. Ал ошондой эле Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар алынарын кошумчалаган.
Ошто сел агызып каза болгондордун жакындарына миллион сомдон берилет