Радио

Жумалиев: король Лирди ойноп кыялыма жеттим, эми Чеховдун каармандарын аткарсам...

Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, алып баруучу Турусбек Жумалиев өзү продюсерлик кылган "Король Лир" спектаклинин коюлушуна токтолду.
Sputnik
Бардык эле театр актерлору Шекспирдин драмалык образдарын жаратканды кыялданат. А менин амплуам ( актердун ички, сырткы келбети, мүнөзүнө жараша жаратуучу ролу — ред.) буга туура келет. Россиялык театр искусствосу институтун бүтүп жаткандагы дипломдук ишимде да Шекспирдин Ромеосун ойногом. Бул тууралуу Турусбек Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатканда айтып берди.
Аталган спектаклди коюуда россиялык режиссер менен иштешүү негизги максаты болгондугуна токтолду.

"Актёрдо деле жаш курак деген бар да. Мындан жашыраак болсом Отеллону, андан жашырак кезде Гамлетти ойносом болмок. Бирок азыркы 60тан ашкан курагымда мага король Лирдин образы туура келип турду. Мына ушул ролду жаратуу кыялы менен жашап калдым. Андан да өзүм бүткөн ГИТИСтен (Россиялык театр искусство институту — ред.) келген режиссер болсо деп кыялданам. Ошентип жүрүп кыргыздын искусствону баалаган мамлекеттик бир кызматкерине жолугуп, оюмду айттым. Ал адам киришип, Маданият министрлигинин колдоосу менен каражат бөлүндү. Продюсерликти өзүм аркаламай болдум. Смета түзүп, эсебин чыгарып кагаз иштери менен чуркап кладым. Мындайды такыр жасап көрбөгөн жаным ар кимге барып кеңеш сурап, тажаттым. Акыры баары бүткөн соң Москвага барып, өзүм окуган окуу жайга кайрылып, алар аркылуу жаш, таланттуу режиссер Андрей Хисамиев менен таанышып, сунуштадым. Ал макул болуп, өзү менен кошо Москвадан Елена Ермакова аттуу сүрөтчү-коюучуну, жарык боюнча сүрөтчү Нанна Шехти, ал тургай Санкт-Петербург шаарынан хореограф Александра Сафронованы ала келди. Ошентип өзүм эмгектенген Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты менен дүйнөлүк классикага айланган "Король Лир" спектаклин коюуга кириштик. Максатым таанылгыс болуп өзгөрүү болчу, буга жеттим окшойт. Оюн ийгиликтүү коюлуп, көрүүчүлөрдүн жылуу пикирлерин угуп жатабыз. Ошентсе да дагы иштеп чыкчу жерлери бар. Июнь айында Бишкекте, июлда Ош шаарында элге тартууладык. Күзүндө кайрадан борбор калаада коебуз. Келечекте Чеховдун каармандарын жараткым келет", — деди Жумалиев.

Ал театрда россиялык режиссерлор менен гана иштешүүнү максат кылып койгонун, анткени таланттуу кыргыз режиссерлору аны жакшы билгендиктен сыйлап, ролду ийлеп иштеп чыгуусун талап кылбай коюшу мүмкүндүгүн кошумчалады.