Токмоктун борбордук аянтында окуучулар мушташты. Видео

Мектеп окуучуларынын тобу Токмоктун борбордук аянтында мушташа кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Токмок шаарында массалык мушташ чыгып, өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 17-июль күнү Токмоктун борбордук аянтында болгон.
"11 өспүрүм кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Алар 15,16, 17 жаштагы мектеп жана лицей окуучулары экени аныкталды. Ата-энелеринин катышуусунда сурак жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган", — деп айтылат маалыматта.
20-июл күнү аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголгону кошумчаланды.
Бишкектеги башаламандык. Свердлов РИИБинин кызматкерлери кызматтан алынды