Бишкектин бир бөлүгүндө үч күн газ болбойт

Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында 22-24-июль аралыгында газ болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаздан" билдиришти.
Газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Тоголок Молдо, Фере, Саадаев көчөлөрү, Ак-Тилек, кичи ЧЧК, Керченский, Кара-Жыгач багы, ЧЧК жана Щербаков көчөлөрүнүн чегинде газ токтотулат.
"Бишкекгаз" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жаратылыш газын өчүрүү мезгилинде абоненттерди альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат", — деп жазылат маалыматта.
Нефтетрейдерлер: унаа газы боюнча абал жакшырды, бирок кезек күткөндөр көп