Израиль Йемендин батышындагы мунай кампаларга чабуул жасады. Сестенткен видео

ЖМКлардын маалыматына караганда, бул — Израилдин хуситтерге жасаган биринчи соккусу.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Израиль Йемендин батышындагы Ходейда шаарынын портунда жайгашкан мунай сактоочу жайларды абадан аткылады, анын кесепетинен адамдар каза таап жана жаракат алышты. Бул туурасында РИА Новости "Ансар Алла" кыймылынын (хуситтер) өкмөтүнүн Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка таянып кабарлады.
Буга чейин аталган агенттиктин маалымат берген адамы АКШ менен Улуу Британия Ходейда шаарындагы хуситтердин позициясына беш ирет авиасокку жасаганын билдирген. Мындан улам мунай заттар сакталган ири бактар өрттөнгөн.
"Израилдик душмандын Ходейда портундагы мунай сактоочу жайларына жасаган аба соккуларынын кесепетинен каза таап жана жаракат алгандар бар",— деп айтылган маалыматта.
ЖМКлардын маалыматына караганда, бул — Израилдин хуситтерге жасаган биринчи соккусу.
Йемендин Кызыл деңиз жээгинин көп бөлүгүн көзөмөлдөп турган "Ансар Алла" (хуситтер) кыймылы, буга чейин Палестинаны колдоорун жана Израиль менен байланышкан бардык кемелерге чабуул жасай турганын билдирген. Алар башка өлкөлөрдү бул кемелерден өз экипаждарын алып кетүүгө жана деңизде аларга жакындабоого чакырган.
Муну менен катар эле аталган аймактагы кемелердин эркин жүрүшүнө тоскоолдук кылбастыгын жана башка өлкөлөрдүн суу транспортторуна тийишпей турганын билдиришкен. Мындай кырдаалдан улам бир катар компаниялар Кызыл деңиз аркылуу жүк ташуу ишмердигин токтото турууну чечкен.
ЦРУнун мурдагы агенти НАТО дагы кайсы жерде согуш чыгарарын айтты