Радио

Электрондук тамеки өспүрүмдөрдүн өсүшүнө терс таасир тийгизет. Адистин эскертүүсү

Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Назгүл Абамуслимова электрондук тамеки ден соолукка олуттуу кандай зыян келтирерин айтып берди.
Sputnik
"Электрондук тамекинин ден соолукка зыяны жок" деген маалымат туура эмес. Ал кош бойлуу аялдар жана жүрөк, кан тамыр оорусу менен жабыркагандар үчүн кооптуу. Бул тууралуу Назгүл Абамуслимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында электрондук тамеки өспүрүмдөрдүн өсүшүнө дагы терс таасирин тийгизет.

"Депутаттар демилгелеген мыйзам Кыргызстанга электрондук тамекилерди киргизүүгө, колдонууга толук тыюу салат. Тилекке каршы учурда аны колдонгондор абдан көп, айрыкча жаштар. Себеби электрондук тамекини өндүргөндөр, саткандар "зыяны жок" деп айтышууда. Бул — жалган. Тамекинин бардык түрү, анын ичинде электрондук тамеки дагы ден соолукка терс таасир берет. Көп жылдык таасири тууралуу изилдөөлөр жок. Бирок химиялык канцерогендик эффект бере турган заттар бөлүнүп чыгат. Өзгөчө балдарга, алардын мээсинин өрчүшүнө зыян. Ошондой эле кош бойлуу аялдарга дагы терс таасирин тийгизет. Жүрөк, кан тамыр оорусу менен жабыркагандарга дагы кооптуу. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү катары бул мыйзамды колдойбуз", — деди Абамуслимова.

Ошондой эле ал аталган мыйзам кийинки жылы күчүнө кирерин, себеби башка укуктук актыларга дагы өзгөртүүлөр кириши зарылдыгын кошумчалады.
Тема боюнча:
Исмаилов: дары чөптөрдү кайра иштетүү каралууда