Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Тынчтык орнотом". Трамп Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын мурдагы лидери жана Киев бийлигинин башчысы сүйлөшкөндөрү тууралуу социалдык тармакка жазышты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп менен Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Трамп социалдык тармактагы баракчасына Зленский менен сүйлөшүү "эң мыкты" болгонун белгилеп, ноябрда президенттик шайлоодо жеңсе согушту токтоторун жазган.
"Эки тарап чогулуп, зордук-зомбулукту токтотуп, өнүгүүгө жол ача турган келишимди сүйлөшө алат", — деп убада кылды Трамп.
Зеленский да Трамп менен тынчтык кадамдарды талкуулоо үчүн келечекте жолугушууну макулдашканын X социалдык тармагына жазды.
Буга чейин Трамп эгер шайланып калса дүйнөдөгү "Жозеф Байдендин администрациясы" жараткан бардык чыр-чатакты, анын ичинде украиналык жаңжалга чекит коём деп ишендирген.
14-июнда Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы тынчтык сунушун жасаган. Анда Крым, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарын Россиянын аймагы катары таануу туурасында айтылган. Украинанын блоксуз жана өзөктүк куралсыз макамын бекитүү, аны демилитаризациялоо, денацификацилоо, ошондой эле Москвага каршы санкцияларды алуу камтылган. РФ лидери бул сунуш жаңжалды саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга өтүү мүмкүнчүлүгүн карай турганын айткан.
Трамп Ким Чен Ын менен мамилени жакшыртарын айтты