Бишкекте "Оймо" фестивалы качан өтөрү белгилүү болду

Фестивалга жүздөгөн кол өнөрчү, музыканттар, ашпозчулар, дизайнерлер жана башка чыгармачыл кесиптин өкүлдөрү катышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы быйыл Бишкекте 24-июлда башталат. Бул тууралуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Ага ылайык, фестивалга жүздөгөн кол өнөрчү, музыканттар, ашпозчулар, дизайнерлер жана башка чыгармачыл кесиптин өкүлдөрү катышмакчы.
Алар Борбор Азия өлкөлөрүнөн, ошондой эле Индия, Монголия, Мексика, АКШ, Малайзия, Норвегия, Швеция, Кувейттен келишет.

"Иш-чарада 12 мамлекеттин сүрөтчүлөрүнүн эл аралык көргөзмөсү уюштурулат. Фестивалдын алкагында "Салттуу маданиятты чагылдырган мыкты инновациялык туристтик продукт" улуттук сынагы жана "Мыкты мастер" жана "Мыкты насаатчы" эл аралык сынактары өткөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.
Иш-чара 28-июлга чейин уланат.
Мамкызматта иштеген Ван кыргыздары көбөйүүдө. Кандаштарга жасалган экспедиция