"Убактысы бүттү". АКШда Байдендин отставкасын талап кылышууда

Ишкердин буга чейин Байдендин шайлоо өнөктүгүнө 7,8 миллион доллар бергени маалым.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Демократиялык партиянын эң ири демөөрчүсү Майкл Мориц АКШнын учурдагы президенти Жозеф Байденди отставкага кетүүгө чакырганын The New York Times басылмасына таянып РИА Новости жазды.

"Тилекке каршы, Байдендин алдында эки нерсе турат — текеберденүү жана жакшы нерсе жасоо. Ал мамлекетти же түнөргөн оор заманга салат, же мезгилдин, замандын шартына макул болушу керек. Убакыт бүттү", — деген Мориц.

Бизнесмен өзүнүн электрондук катында Байдендин саясий өнөктүгүнө гана эмес, бүтүндөй Демократиялык партияга демөөрчүлүк кылууну токтоторун билдирген.
"Мен Байденге добуш бермекмин, бирок демократтардын акча чогултуу боюнча чакырыктарына бир тыйын которбойт элем", — деп айтылат Морицтин катында.
Ишкер Байдендин шайлоо өнөктүгүнө 7,8 миллион доллар бергени маалым. Каражаттын негизги бөлүгү Дональд Трампка каршы үгүттөгөн материалдарга сарпталган.
Сурамжылоо америкалыктардын канчасы Байдендин кетишин каалап жатканын көрсөттү