Бангладештеги башаламандыкта кеминде 105 адам көз жумду. Видео

Өлкө боюнча мобилдик интернет менен социалдык тармактар бөгөттөлүп, коменданттык саат киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бангладеште мамлекеттик жумушка алууда киргизилген квота системасына каршы нааразылык акциясы башаламандыкка айланып кетип, кеминде 105 адам каза болгонун РИА Новости жазды.
Демонстранттар 1971-жылы Бангладештин эгемендүүлүгү үчүн согушка катышкан ардагерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жумуш орундарынын 30 пайызы сакталат деген квота системасын токтотууну талап кылышууда. Алардын айтымында, бул жеңилдик өкмөт башчынын тарапташтарына гана пайда алып келет.
Нааразычылыкка чыккан адамдар түрмөгө кирип барып, камактагы жүздөгөн адамдарды бошотуп жиберишкен. Бийлик мындан кийин өлкө боюнча коменданттык саат киргизип, армия башаламандыкты токтотуу иштерин баштаган.
"Бийлик коменданттык саатты киргизүүнү жана жарандык бийликке жардам берүү үчүн армияны жөнөтүүнү чечти", — деп билдирген премьер-министрдин маалымат катчысы Наимул Ислам Хан.
Мындан тышкары, мамлекеттик телеканалдын кеңсеси өрттөлгөн. Оппозициялык маанайдагы хакерлер борбордук банктын, полициянын жана премьер-министрдин сайтын талкалашкан.
Бийлик өлкө боюнча мобилдик интернетти жана социалдык тармактарды бөгөттөдү. Ошондой эле башаламандыкта полициянын кеминде 300 кызматкери жарадар болгону айтылды.
Кытай: нөшөрдөн улам көпүрө урап, 30 адам дайынсыз болууда. Видео