Памирден Алайга келген аялдар тигүүчүлүк, эркектер айдоочулук кесипке окушту

Талды-Суу айылында Памирден келген 17 үй-бүлө жашайт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Алай районунун Талды-Суу айылына көчүрүлгөн памирлик кыргыздар кесиптик билим алышканын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Билдирмеге караганда, министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу аталган айылга барып, жашоочулардан кабар алган. Айылда 17 үй-бүлө жашайт.

"Мамлекет ар бир үй-бүлөгө бирден саан уй, жылкы, 10 баш кой берди. Райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, андагы 36 бала жөлөк пул алат. Мындан тышкары, ишке орноштуруу кызматы үй-бүлө мүчөлөрүнө кесиптик окуудан өтүүгө жардам берди. 15 аял тигүүчүлүккө, 15 эркек айдоочулукка окушту", – деп айтылат маалыматта.

Памир, Ванда жашаган кыргыздар. Журтташтарыбыздын архивдик сүрөттөрү