АКШда өзөктүк куралдардын кору боюнча маалыматтарды ачыкташты

Кошмо Штаттар кооптуулуктарды азайтуу үчүн курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча Россия менен байланыштарды түзүү зарыл деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. 2023-жылдын сентябрына карата АКШнын арсеналы 3 748 өзөктүк дүрмөттөн турат. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлигине караштуу Улуттук өзөктүк курал коопсуздугу боюнча башкармалыгы (NNSA) билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, 1994-жылдан бери АКШда 12 миңден ашык өзөктүк дүрмөт жок кылынып, дагы эки миңинин зыянсыздандырылышы күтүлүүдө.
Мартта NNSA башчысынын орун басары Фрэнк Роуз АКШ өзөктүк мүмкүнчүлүгүн арттыруу боюнча чечим кабыл албаганын, бирок маселени олуттуу изилдеп жатканын айткан. Ал белгилегендей, Америка коркунучтарды азайтуу үчүн курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча Россия менен байланышуусу зарыл деп эсептейт.
Бюджет долбоорундагы маалыматка караганда, АКШнын президенти Жозеф Байден мурдараак 2025-жылга өзөктүк куралды модернизациялоо үчүн Конгресстен дээрлик 20 миллиард доллар сураган.
Ошондой эле бюджет долбоорунда АКШнын Коргоо жана Энергетика министрликтери өзөктүк үчилтикти, башкарууну, көзөмөлдү, байланышты жана өзөктүк курал инфраструктурасын жаңылоону улантып жатканы айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Киевге Россия аймагына сокку урууга уруксат берген позициясын өзгөртүшү мүмкүн