21-июлга карата аба ырайы

21-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Эртең тоолуу жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл жергесинде +23...+28, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада +33...+35, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Көңүл бургула! Дем алышта Жерди магниттик бороон каптайт