ЖККУ башкы катчысы БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөдү

Тасмагамбетов ЖККУ коопсуздук, экономика жана гуманитардык маселелер боюнча Россиянын жалпы континенттик кызматташуусунун жаңы архитектурасын түзүү демилгесин колдой турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты.
Жыйын ЖККУ, КМШ жана ШКУ уюмдарынын кызматташтыгына багытталган. Башкы катчы геосаясий абалдын туруксуздугунан улам дүйнөдө коопсуздук менен стабилдүүлүктү, эки тараптуу жана тең укуктуу эл аралык кызматташтыкты камсыздоо үчүн аймактык интеграциялык структуралардын мааниси артып жатканын белгилеген.
Тасмагамбетов ЖККУнун Евразия континентинин басымдуу бөлүгүндө коопсуздукту камсыздоо боюнча аракеттери тууралуу да маалымат берди. Ошондой эле Евразиялык коопсуздук архитектурасын түзүү боюнча биргелешкен аракеттерге уюмдун ачыктыгын белгиледи. Ал ЖККУ менен БУУнун тиешелүү структураларынын жалпы кабыл алынган нормалары жана эл аралык укуктардын принциптеринин негизинде мындан ары кызматташуусун бекемдөөнүн жолдорун айтып берди.
"ЖККУ БУУну эл аралык башкы өнөктөш катары көрөт жана кызматташууну өнүктүрүүнү колдойт. Биз эч бир өлкөгө каршы турууну максат кылбайбыз. Россиянын коопсуздук, экономика жана гуманитардык маселелер боюнча жалпы континенттик кызматташуусунун жаңы архитектурасын түзүү демилгесин колдойбуз", — деген Тасмагамбетов.
Башкы катчы ЖККУнун тынчтык орнотуучуларынын саны 3800гө жакын экенин белгилеген.
РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин 2020-жылы Казакстандын президентинин өтүнүчү менен ал өлкөдө жүргүзүлгөн тынчтык орнотуу операциялары ЖККУнун натыйжалуулугунун ачык далили болорун билдирген.
ЖККУ башкы катчысы: Армения союздаш бойдон кала берет