Радио

Жарым жылда бажы алымы былтыркыдан 10 млрд. сомго көп чогултулду

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев мекеменин жарым жылдык планы 102 пайызга аткарылганын айтты.
Sputnik
Бажы алымдары алты айда пландагыдан 1,5 миллиард сомго көп чогулду. Бул тууралуу Алмаз Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркыдан 10 миллиард сомго көп.
"Бажы кызматында ар бир айга, ар бир жылга план бекитилет. Быйылкыга 117 миллиард 400 миллион сом өлчөмүндө жылдык план бекитилген. Анын алты айында 58 миллиард 100 миллион сом өлчөмүндө бажы алымын чогултуу керек болчу. Алгачкы алты айдын жыйынтыгы менен 59 миллиард 619 миллион сом чогулду, пландагыдан 1 миллиард 519 миллион сомго көп болуп, өсүү темпи 102 пайызды түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу 10 миллиардга көп чогулду. Бажы биримдигине кирген өлкөлөр бажы алымдарын чогултуп, ал бир казынага түшөт. Кийин ар бир өлкөнүн пайыздык өлчөмүнө ылайык бөлүнөт, Кыргызстандын бул көрсөткүчү 1,9 пайызды түзөт. Бажы биримдигинин казынасына түшкөн сумма 25 миллиард 320 миллион болсо, ал казынадан Кыргызстанга бөлүнгөн акча 13 миллиард 86 миллион гана болуп жатат. Эгерде ал акчаны дагы Бажы кызматынын бюджетке түшүргөн акчасы катары эсептесек, анда 72 миллиард 700 миллионго жетти десек болот. Бул дагы чоң жетишкендик, бир жылда 38 миллиард гана чогулган учурлар болгон", — деди Салиев.
Ошондой эле ал учурда жылдык планды аткаруу үчүн мекеме бар күчүн жумшап жатканын кошумчалады.