Ысык-Көлдө милиционерлер сууга чөгүп бараткан кызды аман алып калышты

Милиционерлер менен жергиликтүү тургун катуу толкунга карабай сүзүп жетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында сууга чөгүп бараткан 17 жаштагы кызды милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургун аман алып калды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-июль күнү саат 22:00дө милицияга кыз көлгө чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
"Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу келип, жээктен алыс жерде калкып калган адамды көрүшкөн. Милициянын лейтенанты Адилет Юсупов, тергөөчү Азамат Асанов жана жергиликтүү тургун Алишер Асангулов катуу толкунга карабай кызды аман алып калууга жетишкен. Жабырлануучу райондук Тез жардам кызматына өткөрүп берилген", — деп айтылат маалыматта.
Куткарылган кыздын ата-энеси милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургунга ыраазычылыгын билдиришти.
Чолпон-Атада белгилүү патрулдук милиционерди машина коюп кетти. Видео