ЕАЭБде айыл чарба өндүрүшү өсүп, Кыргызстан алдыңкы үчтүккө кирди

Евразия экономикалык комиссиясы январь-май айларындагы маалыматтарды жарыялап, өткөн жылдын ушул мезгилинин көрсөткүчтөрү менен салыштырды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБде айыл чарба продукциясын өндүрүү 1,8 пайызга өскөн. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
Өсүш интеграциялык бирикменин бардык өлкөлөрүндө белгиленди (пайыз менен):
Беларусь — 8,1;
Армения — 4,5 (январь-март айларындагы маалымат);
Кыргызстан — 2,5;
Казакстан — 1,6;
Россия — 1,2.
Белгилей кетсек, Кыргызстан жумуртка өндүрүүнүн өсүшү (299,3 миллион даана) боюнча ЕАЭБде лидерлердин бири. Январь-май айларында өсүш 7,3 пайызды түздү. Мындан жогорку көрсөткүч Беларуста гана болгон (16,7 пайыз).
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү өстү. Кыргызстандын көрсөткүчтөрү