Трамп Ким Чен Ын менен мамилени жакшыртарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. АКШнын мурдагы лидери Дональд Трамп президент болуп шайланып келсе аны "сагынган" Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын менен алаканы калыбына келтирерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Аны менен жакшы мамиледе болуп калган элем, Түндүк Кореянын ракеталарын кое беришин токтотууга жетишкенбиз. Эми КЭДР мурдагысын кайра баштады, кайтып келгенибизде кайрадан мамилени оңдойм. Келгенимди ал ( Ким Чен Ын – ред.) жактырарын, мени сагынып жатканына ишенем",— деген Трамп республикачылардын Милуоки шаарындагы съездинде сүйлөп жатып.
Саясатчы атаандашы, демократ Байден башында туруп анын администрациясын алмаштыргандар тынчтык планетасын согуш планетасына айландырганын айткан.
"Башкасын айтпаганда да Украинада эмне болуп жатканын карагылачы. Шаарларды жөн эле бомбалашууда. Имараттар, ири имараттар жерпайына чейин урап жаткан шартта ал жактагылар кантип жашап, күн кечире алышат",— деген суроо узаткан Трамп.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сийярто: Трамп жеңсе, Украина боюнча сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү жаралат