БИШКЕК, 19 июл — Sputnik. Олимпиада-80 социалисттик өлкөдө өткөн биринчи ири-чара эле. Бирок ага 64 мамлекет катышпастыгын айтып бойкот жарыялаган. Муну Советтик аскерлердин Афганстанга киргизилишинен улам жасап жатабыз деген шылтоону бетке кармашкан. Анткен менен мындай кадамдын СССРге ысыгы деле, суугу деле болгон эмес.
Дүйнөлүк маанидеги мындай иш-чараны өткөрүүгө, албетте, даярдык катуу көрүлгөн. Бюджеттен 862 миллион рубль жумшалган. Анткен менен аталган сумма өзүн актаган.
Салыштыра келсек, ачык маалыматтарда Канада мындай ири иш-чараны уюштургандагы чыгымын жабууга 30 жыл жумшаган.
Бул олимпиаданы өткөрүү үчүн Москва менен Американын Лос-Анжелеси ат салышкан. УОК мүчөлөрүнүн эки добушу СССРге тараза ташын оодурган. Олимпиада-80дин катышуучуларын СССРдин борбору Москва эле эмес, Ленинград, Минск, Киев жана Таллин да кабыл алган.
Спорттук комплекстерден сырткары оюндар үчүн "Олимпиада айылын" жана Шереметьево-2 терминалын курушкан. Эки объект Олимпиада өткөндөн кийин да пайдаланылып келет.
Баса, бул Олимпиададан балбан Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынып, Кыргыз ССРине намыс алып келген.