Радио

Мукамбетов: пенсиялык тарифке эмдиги жылдан тарта өзгөртүүлөр кирет

Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов бир гектардан ашык жери барлар камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү түрдө төлөшөрүн айтты.
Sputnik
2015-жылы пенсиянын тарифтери боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрү орточо айлыкка байланып, өлчөмү жогорулаган. Бул аракеттин биринчи максаты бюджетти толтуруу эмес, айлык алгандар сыяктуу фермерлердин да жогорку пенсияга чыгуусуна шарт түзүү болчу. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамга кирген өзгөрүүгө ылайык бир гектардан ашуун айдоо жери бар фермерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө милдеттендирилет.
"Пенсиялык тарифтерге өзгөртүүлөрдү сунуштаган мыйзам эмдиги жылдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, бир гектарга чейинки жер үлүшү бар фермерлерге камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөгөнгө уруксат берилет. Ал эми бир гектардан ашык жери барлар милдеттүү түрдө төлөшөт. Бул төгүмдөрдү, тилекке каршы, көп учурда убагында төлөбөй коюшат. Анан пенсияга чыгарга келгенде бардык төлөнбөгөн жылдарды эсептеп берсең, пенсияга чыгыш үчүн акча сурап жатышат деп түшүнүп алгандар бар. Учурунда төкпөй койгон камсыздандыруу төгүмдөрү милдеттүү болгондуктан, айып жазылат. Аны төгүп коюп гана жаран пенсияга чыгуу укугуна ээ болот. Камсыздандыруу бөлүгүн өз убагында төлөп жүрүү фермерге эмне берет? Албетте, биринчиден, ал 28 жылдык эмгек стажына ээ болот. Экинчиден, үй-бүлө мүчөсүндө канча киши болсо баары пенсияга чыгууда камсыздандыруу бөлүгүн төккөн болуп калат", — деди Мукамбетов.
Ал пенсиялык тарифтерге кирген өзгөрүүлөр боюнча дагы кошумча маалыматтар берилерин белгиледи.