Камчыбек Ташиев Ошто сел жүргөн аймактарды тик учак менен көрдү. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто сел жүргөн аймактарды тик учак менен көрүп чыкты. Анын сүрөттөрү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу таратылды.
Маалыматка ылайык, Ташиев өзгөчө кырдаалдар министри, жергиликтүү жетекчиликке жеринен ыкчам тапшырмаларды берген.
Эске салсак, 14-июлда Ош шаары жана Ош облусун сел каптап 1000ден ашык турак жай, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган. Анын кесепетин жоюу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Тилекке каршы, апаат беш адамдын өмүрүн алды.
Андан мурдараак, 28-июнда, Ноокаттын Абшыр-Атасында сел жүрүп, 10 кишинин өмүрү кыйылган. Көз жумгандардын көбү балдар экени маалым болгон. Кийин да сел бир үй-бүлөдөн төрт кишини агызып кеткен.
Селден жабыркагандар үчүн Казакстандан гумжардам келди