Доллар 65 тыйынга түштү. Апта ичинде бардык валюталар сомго карата арзандады

Sputnik Кыргызстан редакциясы валюта курсуна сереп салды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан редакциясы 15-июлдан 19-июлга чейин валютанын курсу кандай өзгөргөнүн талдап көрдү.
Доллар
Дүйшөмбүнүн таңынан бери орточо сатып алуу курсу 66 тыйынга төмөндөп, 84,38 сом болду. Орточо сатуу курсу 67 тыйынга арзандап, 85,11ге жетти. Сатуунун төмөнкү чеги 84,85 сом болуп, жума ичинде 65 тыйынга түштү.
Евро
Евронун орточо сатып алуу курсу 58 тыйынга ылдыйлап, бүгүн 91,68 сомду көрсөттү. Орточо сатуу курсу 61 тыйынга төмөндөп, 92,64 сомду түздү.
Рубль
Сатып алуу (94,6 тыйын) жана сатуу курсу (97,3 тыйын) бир нече тыйынга түшкөн.
Теңге
Казак валютасынын куну да арзандады, бирок бир тыйынга жетпейт.
Январдан майга чейин Кыргызстандан сыртка 205 млн. доллар которулган