Ошто сел агызып каза болгондордун жакындарына миллион сомдон берилет

УКМК төрагасы Ошто жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ошто сел агызып каза болгондордун жакындарына жана үйү авариялык абалга келгендерге миллион сомдон берилет. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген.
Маалыматка ылайык, Ташиев Ошто селден жабыркаган жерлерди көрүп, жапа чеккендер менен жолугушкандан кийин жергиликтүү бийликтин катышуусунда жыйын өткөргөн.
"76 үй авариялык абалда, ошолордун ар бирине миллион сомдон бөлүнөт. 56 үйгө капиталдык оңдоо талап кылынат, аларга 500 миң сомдон берилет. Базарда 750 контейнердин товары агып кеткени айтылууда, бирок учурда андагы зыяндын өлчөмү белгисиз. Булардын ичинен патент менен же салык төлөп иштегендерге 100 миң сомдон каралууда", — деп айтты Ташиев.
Ошондой эле ал каражаттын даректүүлүгүнө жана максаттуу пайдаланылышына жергиликтүү бийлик жооп берерин кошумчалады.
14-июлда Ош шаары жана Ош облусунда Ак-Буурадан суу ташып беш кишини агызып кеткен. Андан мурдараак, 28-июнда, Ноокаттагы селден 10 кишинин өмүрү кыйылган. Ал эми 30-июнда Кара-Кулжада селден төрт адам кайтыш болгон. Мындан тышкары, ӨКМ Жалал-Абадда жана Баткенде бирден адам жаратылыш кырсыгынан көз жумганын кабарлаган.
Ташиев: Оштогу сел каптаган базар башка жерге көчүрүлөт