Тазабек Икрамов өз ыктыяры менен мандатын тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өз ыктыяры менен мандатын тапшырып, депутаттыктан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын жыйынында белгилүү болду.
БШКнын шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын жетекчиси Төлөгөн Айтикеев Тазабек Икрамов өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз бергенин айтты.
Тазабек Икрамов №13 Сузак шайлоо округунан депутат болуп келген. Мыйзам боюнча, эки ай ичинде аталган аймакта кайра шайлоо өтүшү керек.
Белгилей кетүүчү жагдай, 17-июлда эл өкүлүнүн УКМКда сурак берип чыкканы кабарланган.
Жогорку Кеңешке үч жаңы депутат келди