Президент көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койду

Докумеенттин максаты магиялык жана анык эмес ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүп, элдин башын айлантууга жол бербөө экени белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 12-июнда кабыл алынган.
Ага ылайык, эми оккультизм-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана аларды көрсөтүүчү жактарды жарнамалоого жол берилбейт. Максаты — тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүп, элдин башын айландырууну жокко чыгаруу.
Президент менен УКМК башчысынын атын айтып 80 миң доллар алган адам кармалды