Эмгек министрлиги: жыл башынан бери 97 адамга мекендеш макамы берилди

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жыл башынан бери 97 адамга мекендеш макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр марттан бери мекендеш макамын алууга арыздар кабыл алына баштаган.
"Жарандыктан чыгып кеткен кыргызстандыктар, алардын балдары жана неберелери "Мекен-карт" ала алат. Бул документ аларга Кыргызстанда болуусуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды алууга жол ачат", — деп жазылган маалыматта.
Жалпы 187 киши мекендеш макамын алууга арыз берип, 150сүнө берилген. Анын 97си ушул жылда алган.
Пресс-борбор
Россия, Германия, Катар жана башка өлкө жарандары Мекен-карта ала башташты