Кыргызстандын фонддук биржасы соода көлөмүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде лидер болду

Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы чыгарылып, 2023-жылдын ушул мезгили менен салыштырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. 2024-жылдын экинчи кварталында соода көлөмү боюнча ЕАЭБдеги өсүштүн лидери Кыргыз фонддук биржасы (КФБ) болду. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматтарын изилдеп көрсөк ушундай жыйынтык чыгарса болот.
КФБда келишимдердин көлөмү 5 эсеге өстү, Казакстандын Astana International Exchange биржасы (AIX) үч эседен ашык өсүп экинчи орунда турат.
Биржа маалыматтары:
AMX (Армения) — 123,1 миллион доллар (өткөн жылдын экинчи кварталына салыштырмалуу 74,6 пайызга өскөн);
БВФБ (Беларусь) — 6 млрд 960,2 млн (58,3 пайызга өскөн);
KASE (Казакстан) — дээрлик 191,5 млрд (0,3 пайызга азайган);
AIX (Казакстан) — 243,1 млрд 93,6 (өсүш 332,3 пайыз);
КФБ (Кыргызстан) — 636,1 млн (521 пайызга өскөн);
Москва биржасы (Россия) — 4 триллиондон ашык (өсүш 16,2 пайыз).
ЕАЭБде айыл чарба өндүрүшү өсүп, Кыргызстан алдыңкы үчтүккө кирди