ӨКМ: Ала-Арча капчыгайынын төрүндөгү көлдөр коркунуч жаратпайт

Көлдөрдө суунун деңгээли жылдык нормага ылайык экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ала-Арча капчыгайынын төрүндөгү Адыгине жана майда көлдөрдүн дамбасынын жырылуу коркунучу жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, калк арасындагы кооптонуудан улам ӨКМ кызматкерлери жерине барып, аталган көлдөрдө суунун деңгээли жылдык нормага ылайык болуп, дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экенин билдиришти.
"Көлдөрдүн космостон алынган сүрөттөрү тынымсыз салыштырылып турат. Биз тараптан температуранын жогорулашы байкалууда. Эгерде тоо көлдөрүндө жырылып кетүү коркунучу жаралса, жергиликтүү бийликке алдын ала эскертүүлөр берилет. Учурда тоо көлдөрүн байкоо жүргүзүү үчүн талаа-изилдөө жумуштары мерчемделген", — деп айтылат маалыматта.
Ала-Арча капчыгайынын төрүндө Адыгине жана башка майда көлдөр бар. Алар деңиз деңгээлинен 3580 метр бийиктикте жайгашып, "Ала-Арча" улуттук паркынан 10 чакырым алыс.
Бул көлдөрдө суу дамбасын жырып, төмөн жагын капташы мүмкүн экени айтылган. Мындан улам Бишкек мэриясында жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйыны өтүп, мүмкүн болгон суу каптоого даярдыктар талкууланган.
Пресс-борбор
ӨКМ: Кыргызстанда эки жарым айда 236 ирет сел жүрүп, 17 адамдын өмүрүн алды