Селден жабыркагандар үчүн Казакстандан гумжардам келди

Кыргызстандын түштүк аймагында жүргөн сел 19 кишинин өмүрүн алган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Селден жабыркагандар үчүн Казакстандан гуманитардык жардам келгенин ӨКМ билдирди.
Гумжардамды боордош элден BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN кайрымдуулук фонду чогулткан. 40 тонна жүктүн ичинде ун, шекер сыяктуу азык-түлүк жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.
Бүгүн таң эрте "Ак-Тилек" чек ара өткөрмөсүнөн кирген гуманитардык жардам Ош облусун карай жол тартканы айтылды.
Эскерте кетсек, акыркы күндөрү Кыргызстандын түштүк аймагында жүргөн сел 19 кишинин өмүрүн алды.
Селден жабыркагандар үчүн Ошко Өзбекстандан гумжардам келди