ЖМК: дүйнө жүзү боюнча банк жана авиакомпаниялардын иши үзгүлтүккө учуроодо

Жүздөгөн каттамдар токтотулуп, көптөгөн банктардын иши токтоп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча техникалык мүчүлүштүктөн улам байланыш операторлору, банктар жана авиакомпаниялардын иши үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дүйнө боюнча жүздөгөн каттамдар токтотулуп, көптөгөн банктардын иши үзгүлтүкө учураган.
Австралиянын ABC телеканалы билдиргендей, бул мүчүлүштүктөр дүйнө жүзү боюнча компаниялар менен мекемелер туш болгон техникалык көйгөйлөрдүн бөлүгү. Техникалык маселе америкалык CrowdStrike киберкоопсуздук фирмасына байланыштуу. Австралияда ал Microsoft ноутбуктарында көйгөйлөрдү жаратты, көптөгөн апараттар өз алдынча өчүп-күйүп, экран көгүлтүр бойдон калган.
Австралиянын WA Today гезити төлөм системалары, анын ичинде Apple Pay да катачылыктан жапа чеккенин жазды.
Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты эми 3 саатта алса болот. Жол-жобосу