Бишкекте Чыныбай Турсунбековдун эки кызы кармалды

Экөө тең акчаны адалдоого шектелип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Парламенттин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун эки кызы кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Биринчи май райондук соту кабарды тастыктап, Т.А.Ч. 24-августка чейин камакка алынса, Ч. кызы Б. ушул эле убакытка чейин үй камагында болорун билдирди. Экөө тең акчаны адалдоого шектелип жатат.
Эске салсак, 2022-жылдын Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын 17,65 гектар жери мамлекеттин балансына кайтарылган.
УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасы эмне себептен кармалганын тактады