Сурамжылоо америкалыктардын канчасы Байдендин кетишин каалап жатканын көрсөттү

Сурамжылоого катышкан демократтардын 27 пайызы гана Байден өлкө президентинин милдеттерин натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү экенине ишенерин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Америкалыктардын кеминде 70 пайызы АКШнын азыркы президенти Жо Байден президенттик жарыштан чыгып, башка талапкерге жол бериши керек деп эсептейт. Мындай жыйынтык AP-NORC социалдык кызматы жүргүзгөн сурамжылоодон кийин чыкканын РИА Новости жазды.
"Байдендин резонанс жараткан дебатынан кийин 10 кишинин жетөө, анын ичинде Демократиялык партиянын тарапташтарынын 65 пайызы ал өз талапкерлигин алып салууга жана анын партиясына башка талапкерди тандоого уруксат бериши керек деп эсептешет", — деп жазылат AP-NORC кызматынын сайтында.
Маалыматка караганда, демократтардын 27 пайызы гана Байден өлкө президентинин милдеттерин натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү экенине толук ишенет.
Сурамжылоо 11-июлдан 15-июлга чейин 1 253 америкалыктын арасында онлайн жана телефон аркылуу жүргүзүлгөн.
Эскерте кетсек, Жо Байден менен Дональд Трамптын алгачкы дебаты 28-июль күнү Атланта шаарында болгон. Байден анда такалып, оюн топтой албай, атаандашына тийиштүү деңгээлде туруштук бере алган эмес. Ал эми иш-чарадан соң тепкичтен жубайы түшүрүп кеткен.
Эми саясатчылар менен журналисттер демократтар Байденден баш тартып, анын ордуна башка талапкерди коюшу мүмкүн деп жатышат. Байден менен Трамптын экинчи дебаты 10-сентябрга белгиленген. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.
CNN: Конгресстеги демократтар Байденди шайлоого катышуудан баш тартууга чакырды