Радио

Саалиева: аллергияга кабылган адам иммунитетти чыңдашы зарыл

Улуттук кардиология жана терапия борборунун консультативдик аллергология бөлүмүнүн башчысы Айнура Саалиева өлкөдө аллергия менен ооругандардын саны өсүп жатканын айтты.
Sputnik
Аллергияга кабылган адам дарыланбаса бронхиалдык астмага же майыптыкка кептелет. Бул тууралуу Айнура Саалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аллергиянын жеңил өтүшү үчүн иммунитетти чыңдоо зарыл.
"Жайында аллергия дарактардын, бадалдардын жана чөптөрдүн чаңчаларынан болот. Кеңсе кызматкерлери кондиционерди көп колдонгондон да аллергияга кабылышы мүмкүн. Анткени сырттан чөптүн чаңчалары кирет. Аны алдын алуу үчүн ичиндеги фильтрди өз убагында тазалап же жаңысына алмаштырып туруу керек. Кондиционер колдонууда адамдарга суук дагы тиет. Эгерде вирус кошулуп кетсе сасык тумоо оорусуна чалдыгышат. Мындан улам кээ бирлер сасык тумоо же аллергия менен ооруп жатканын айырмалай албай калат. Сасык тумоодо дене табы көтөрүлөт. Аллергияда андай болбойт. Ошондой эле учурда дүкөндөрдө сатылган тамак-аштарга аллергия болгондор да кездешип жатат, көп химия кошулат эмеспи. Өлкөдө аллергия менен ооругандардын саны өсүүдө. Азыркы тапта балдар көп ооруп жатат. Буга баланын кароосуз калгандыгы себеп. Аллергия менен ооруган адам сөзсүз дарыгерге кайрылып, өз убагында дарылануусу керек. Убагында алдын албаса бейтап бронхиалдык астмага чалдыгып же майып болуп калышы мүмкүн. Жайында аллергиялык ринит күчөйт. Андан жеңил өтүү үчүн иммунитетти чыңдоо зарыл. Мындан тышкары, дайыма сергек жашоо образын карманып, диета менен жүрүшү абзел. Жаңгак, бал жана кызыл жашылчаларды жегенге болбойт", — деди Саалиева.
Ал ошондой эле аллергия олуттуу илдет болгону менен жугуштуу эмес экенин кошумчалады.